Чилинин түндүгүндөгү Икике шаарында чыккан ири өрт кеминде 100 үйдү кыйратты. Бул тууралуу "Евроньюс" кабарлады.
Жергиликтүү Ички иштер министрлиги билдиргендей, райондо суу түтүктөрү иштебей калгандыктан, өрттү өчүрүүгө суу унаалар менен алынып келинген. Мындан тышкары, көчөлөр тар болгондуктан өрт чыккан жерге өрт өчүрүүчү унаалар өтө албай, куткаруучулар жөө басууга аргасыз болгон.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн