Бишкек шаардык кеңеши күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага батир берүү маселесин карады.
Депутаттар аны талкуулап отурбай дароо эле добуш берүүгө өтүп, баары макул болгон.
Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбекова Дүйнө чемпионатын жеңип алганда үч бөлмөлүү батир убада кылган.
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңеши конфискацияланган муниципиалитеттин курамындагы үч бөлмөлүү батирди Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн