Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоо укугунан ажыратылышы мүмкүн

06.10.2021 18:01
1601
Шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоо укугунан ажыратылышы мүмкүн


Шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоо укугунан ажыратылат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдары жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорунда жазылган.


Документке ылайык, райондук маанидеги шаарлардын башчыларын дайындоо укугу акимге берилет. Ал эми облустук, республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.


Баяндамачы депутат Аалы Карашев учурдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарына мөөнөтү бүткөнгө чейин аталган нормалар тиешелүү эместигин белгиледи.


Учурда парламентте "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Ал президенттик администрация тарабынан сунушталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн