Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Шаардык кеңештин төрагасы Акжол Махмудовго "Патриот" сыйлыгын тапшырды

29.09.2021 13:59
780
Шаардык кеңештин төрагасы Акжол Махмудовго "Патриот" сыйлыгын тапшырды

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын жеңүүчүсү Акжол Махмудовго "Патриот" сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу Конгантиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, Конгантиев Махмудов жана анын машыктыруучусун кабыл алган.


"Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов, анын бир тууганы жана машыктыруучусу менен жолугуштум.

Жолугушууда өткөн ийгиликтерди жана  келечектеги пландарды талкууладык.


Акжол Махмудовго Бишкек шаардык кеңешинин атынан "Патриот" сыйлыгын ыйгардык",- деди Конгантиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн