Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Данияр Эркимбаев 24.кг агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, чечим бүгүн шаардык сот тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Абылгазиев мыйзамсыз баюу беренеси менен УКМК тарабынан кармалган. Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсунда 2 ай отурууга чечим чыгарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн