Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовго карата чечим чыгарды. Сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бул маалыматты бүгүн, 29-октябрда Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал 10-декабрга чейин СИЗО-1 жайында кармалат.
Ниязов 10-октябрда УКМК менен ИИМдин биргелешкен ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Бишкек шаарындагы массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн