Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналып кармалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын баш коргоо чарасы боюнча райондук соттун чечимин карады.
Сот Гүлнара Журабаеваны 2 айга камакка алуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камаган.
Эске салсак, Журабаева башка саясатчы жана активисттер менен бирге 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн