Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шаардык сот Сапар Исаковго карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

20.08.2020 15:04
899
Шаардык сот Сапар Исаковго карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Сапар Исаков жана президенттин мурунку кеңешчиси Мира Карыбаевага карата Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Бүгүн, 20-августта өткөн отурумда шаарддык сот Биринчи Май райондук соту 9-июнда Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратып, 247 млн 650 миң сомго айыка жыккан өкүмүн күчүндө калтырган.


Сот Карыбаеванын жактоочусу Эшперова М.Ж. менен Исаковдун жктоочусу Автандил уулу Б.нын апелляциялык даттанууларын канааттандырарлык эмес деп тапкан.


Белгилей кетсек,  мурунку премьер-министр Сапар Исаков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча ("Коррупция")  күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле, ага 247 млн 650 миң сом зыянды калыбына келтирүү жүктөлгөн.


Буга чейин Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.  Ал эми Мира Карыбаева 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып төлөө милдеттендирилген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн