Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:09
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Сапар Исаков 18 жылга камалып, 247 млн 650 миң сом төлөйт (видео)

09.06.2020 15:48
1668
Сапар Исаков 18 жылга камалып, 247 млн 650 миң сом төлөйт (видео)

Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо иши боюнча өкүм чыкты. 


Иш боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковго жана президенттин мурунку кеңешчиси Мира Карыбаевага айып тагылган. 


Судья Марат Садыков Исаковду жана Карыбаеваны күнөөлүү деп тапты. 


Мурунку премьер-министр Сапар Исаков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча ("Коррупция")  күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, ага 247 млн 650 миң сом зыянды калыбына келтирүү жүктөлдү.


Буга чейин Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.  Ал эми Мира Карыбаева 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып төлөө милдеттендирилген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн