Биринчи май райондук сотунун 1-июлга чейин райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарды.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда Свердлов районунун акимиаты 1-июлга чейин иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө чектөө киргизүүнү өтүнгөн. Ал эми прокуратура жана “Шанс” кризистик борборунун өкүлдөрү буга чейинки чечимдер Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзамга каршы келерин айткан.
Натыйжада, шаардык сот иш-чараларга, жүрүштөргө тыюу салган чечимди жокко чыгарды.
Пикирлер (1)