Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Шаарга жеткирип коём деген. Сокулукта 16 жаштагы кыз унаада зордукталды (видео)

06.12.2021 11:08
2020
Шаарга жеткирип коём деген. Сокулукта 16 жаштагы кыз унаада зордукталды (видео)


Сокулукта ондогон адамдар райондук милициянын имаратына күч менен басып кирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу "Кактус медиа" кабарлады.


Маалыматка ылайык, чогулган адамдар 16 жаштагы кызды зордуктады деген шектүүнү өздөрү соттогусу келген жана милицияга нааразылык билдирип чыккан.


Окуянын чоо-жайы боюнча райондук милициясынын кызматкери аларга маалымат берип тароого чакырган.


Маалыматка ылайык, Сокулук районунун тургуну 2004-жылы туулган кызын шаарга узатуу үчүн көчөгө алып чыккан. Жолдон токтогон унаанын айдоочусу кызын шаарга жеткирип коёрун айткан. 1990-жылы туулган айдоочу 16 жаштагы кызды жолдо зордуктаган.


Милициянын маалыматына таянсак, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн