Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шагы сынган Каныбек Осмоналиев ага карата кысым болуп жатканын айтып чыкты

14.07.2021 12:33
1230
Шагы сынган Каныбек Осмоналиев ага карата кысым болуп жатканын айтып чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев кызматтан кетүү арызын кечээ, 13-июлда жазды. Бул тууралуу өзүнө байланышканыбызда маалыматты тастыктады.


Мындан тышкары Осмоналиев сиздер аркылуу Садыр Жапаровго кайрылуу жасайм деп төмөнкүлөрдү айтты: "Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен сиз үчүн акылымды, билимимди берип жүргөн кишимин. Кийинки учурларда бийликти Сүйүн Касмамбетовго окшогон адамдарга тарттырып жибердиңиз. Алар сизди түптүз эле элге жаманатты кылып жатат. Мен кечээ арызымды жаздым, анысы аз келгенсип жакшы иштеп жаткан бир тууган инимди Ош облустук губернатору кызматынан кетирдиңер. Андан эки саат өтпөй уулум жумуштан кетти. Бүгүн, 14-июлда 35 жылдан бери иштеп жаткан жубайымды дагы жумуштан кет деп келишиптир. Азыр мага катуу басым болуп жатат. Фейсбук баракчам дагы өчүрүлдү".


Каныбек Осмоналиевдин "бир тууган инимди Ош облустук губернатор кызматынан кетирди" деп айтканы боюнча министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык.


Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов кызматтан кетпегенин маалымат кызматынан билдиришти.


Президенттик администрациянын маалымат кызматына чалып, Осмоналиевдин "басым болуп жатат" дегени боюнча сураганыбызда комментарий берген жок.


Булак: "Супер.кг"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн