Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шахтада газга ууланып каза болгон 4 адам ал жерде иштеген эмес, - өкүлчүлүк

24.06.2020 13:00
1207
Шахтада газга ууланып каза болгон 4 адам ал жерде иштеген эмес, - өкүлчүлүк


Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтадагы газга ууланып каза болгон 4 адам ал жерде иштеген эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал-жандыктарын издеп, үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жоголгон малдарын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышкан. Бул окуя боюнча алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Окуя орун алган “Кенчилер-Береке” көмүр шахтасы буга чейин мыйзамдуу түрдө иштеп келген. Азыркы учурда ишмердүүлүгүн токтоткону айтылат.


Учурда бул жагдай боюнча түзүлгөн атайын комиссия көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларын сактабагандыгы боюнча маселелерди карап жатат. Каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү облустук өкүлчүлүк тарабынан да жардам берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн