Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шакиев Гейдар Алиевдин эстелигине гүл чамбар койду

16.05.2023 14:36
295
Шакиев Гейдар Алиевдин эстелигине гүл чамбар койду

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин  төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарындагы иш сапарынын алкагында башка өлкөнүн парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду. 


Андан соң иш-чаранын катышуучулары Гейдар Алиевдин өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышты.


Алсак, быйыл Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Андыктан бүгүнкү иш-чарада улуу мамлекеттик ишмер тууралуу кеңири талкуу болуп, жыйындардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөрү күтүлүүдө. 


Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов коштоп жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн