Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

11.05.2023 15:39
353
Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.


Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда боордош элдердин кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланды.


Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүшүнө багытталган бардык иш-аракетти колдой турганын белгилеп: “Биздин боордош, бир тууган элдер экенибизди дүйнө билет. Андыктан саясий байланыштарды арттыруудан тышкары, соода-экономикалык жааттагы кызматташтыкты да кеңейтүүбүз кажет”, – деди


Ошондой эле парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган төрага: “Мамлекеттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң. Айрыкча, жетишилген келишимдерди жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мыйзам чыгаруу органдарынын колдоосу өтө зарыл”, - деп кошумчалады.


Өз кезегинде башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгү жана жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, уюм ичиндеги соода байланышты жакшыртуу жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.


Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы пландар жана мерчемделген иш-чаралар талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн