Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Шакиев тармактык комитеттерди жигердүү иштөөгө чакырды

29.05.2023 11:31
296
Шакиев тармактык комитеттерди жигердүү иштөөгө чакырды

Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен салтка айланган кезектеги жыйынды өткөрдү.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.


Жыйында мыйзам чыгаруу процессине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.


Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин кароосунда турган бардык мыйзам долбоорлору маанилүү экенин белгилеп, аларды өз убагында кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.


Ага ылайык, тармактык комитеттердин төрагаларын жана мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө чакырды.


Эскерте кетсек, азыркы тапта парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн