Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 15:22
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Шакиев заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземине жана көргөзмө жарманкеге күбө болду

18.10.2024 12:57
25
Шакиев заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземине жана көргөзмө жарманкеге күбө болду


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер менен бирге Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземине катышты.

Тагыраагы, жаңы техникалар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аркылуу аймактарга бөлүштүрүлүп берилди.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган көргөзмө жарманкени көрдү.

Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, жаңы породадагы мал-жандыктар көрсөтүлдү.

Нурланбек Шакиев бул көргөзмө жарманке айыл чарба тармагындагы жетишкендиктердин жана эмгекчил элибиздин жаратмандыгынын көрсөткүчү экенин белгилеп: “Сандан сапатка өтүү менен айыл чарба тармагына жаңылыктарды киргизүүбүз кажет. Айрыкча атаандаштыкка туруктуу продукцияларды өндүргөндө гана азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, экспортко да чыга алабыз. Бул дыйкан-фермерлер үчүн эле эмес, өлкөбүз үчүн да өтө маанилүү”, - деди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн