Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шакиевдин демилгеси менен санариптештирүү боюнча форум өтүүдө

14.03.2023 17:12
336
Шакиевдин демилгеси менен санариптештирүү боюнча форум өтүүдө

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форум өткөрүүдө.


Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.


Форумда сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев мезгил талаптарына ылайык акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууда, жарандарды тейлөө багытындагы мамлекеттик ишкана-мекемелерде, бизнесте санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп: “Мисалы санариптештирүү, билим берүүдө - электрондук окуу куралдарда, онлайн-курстарда, саламаттык сактоодо – медициналык анализдер жана алардын сакталышынын натыжалуулугун камсыз кылууда ж. б. көптөгөн тармактарда колдонулууда”, - деди.


Муну менен катар төрага Жогорку Кеңешти санариптештирүүнүн негизги максаты иштин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле Жогорку Кеңештин иши менен байланышкан чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгын арттыруу болуп саналарын айтты.


“Жогорку Кеңеш боюнча айта турган болсок; Жогорку Кеңеште документтерди жүгүртүүнүн электрондук системасы 2012-жылы иштелип чыгып, улам жаңылануу, жакшыртуулар менен иштеп келет. Документтер санариптик түрдө берилишинин аркасында система документтерди жүгүртүүнү алда канча натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет”, - деген Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин веб-порталынын ишине кеңири токтолду.


Ошондой эле төрага санариптештирүү багытында Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан иштердин катарында үстүбүздөгү жылдын февраль айында ЖКнын Төрагасы баштаган парламенттик делегациянын Корея Республикасына болгон расмий сапарында КРнын Жогорку Кеңеши менен КОICA жетекчилеринин 2023-2027-жылдарга жалпы суммасы 8,4 млн АКШ долларын түзгөн “КР ЖК санариптештирүүнү талкуу Протоколуна” расмий кол коюлганын маалымдады.


Мындан тышкары төрага Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун ишинде оң жылыштар бар экенин белгилеп, аймактык борборлордун ишин жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады. “21-кылымда кызмат алуучулардын, кардарлардын эң маанилүү талаптарынын бири – бул ыкчам жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алуу”, - деп жыйынтыктады төрага.


Сөзүнүн соңунда өткөрүлүп жаткан форумда бир катар кызыктуу ой-пикирлер айтылып, алгылыктуу сунуштар түшөөрүнө ишеним арткан төрага: “Бүгүнкү иш-чаранын максаты - жарандарыбыздын жашоо шарттарын жакшыртууга, мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган пайдалуу сунуштарды алып, аларды мыйзамдарды өркүндөтүү максатында колдонуу”, - деди Нурланбек Шакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн