Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Шалаакы өкмөттүн иши - калктын түмөн түйшүгү

05.05.2020 17:10
1560
Шалаакы өкмөттүн иши - калктын түмөн түйшүгү


Брежневдин убагындагы “Араба жүрүп жаткандай болуп турсун” саясатын бүгүн Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү жазбай кайталап турган сыяктуу. Премьер-министрлик кызматка келгенине эки жылдан ашуун убакыт өтсө дагы Абылгазиевдин оозунан “ушундай нукта иштейли деп жатабыз”, “аракет кылып жатабыз”, “карап жатабыз” деген сыяктуу арсар гана кептер чыгып келет. “Ушуну жасадык, эми дагы баланча мөөнөттө ушинтип жасайбыз” деген ынанымдуу бир иши көрүнө элек. 


COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө да чабалдыгын көргөздү. Албетте, бул илдеттин кеңири жайылып кетүүсүн алдын-алуу жаатында иш-аракеттер дурус эле жасалып жатат. Өлкөгө өзгөчө кырдаалдын, андан кийин өзгөчө абал режиминин өз убагында киргизилгени да пандемиянын кеңири жайылып кетүүсүн алдын алды. Бул жаатта кепти өзүнчө айтса болот. Айтайын дегенибиз башка. 


Коронавирус илдети Кытайдан чыкканы, анын Европа мамлекеттерин аралай чаап баштаганы билине баштаганда эле Кыргызстанда Коопсуздук кеңеши бир нече ирет өтүп, анда бул илдетти өлкөгө киргизбей кармап калуу, же болбосо ага каршы күрөштө тиешелүү даярдыктарды көрүү маселелери талкууланган эле. Жетиштүү тапшырмалар да берилген. Бирок, коронавирус өлкөдө катталган алгачкы учурларда кыргыз өкмөтү буга такыр даярдыгы жок эле отурган экенин ашкерелеп салды. Медицина кызматкерлери үчүн жеке гигиеналык жабдуулар да толук алынбаптыр. Анын натыйжасында оору жуктургандардын төрттөн бири медицина кызматкерлери болууда. Буга күнөөлүү катары Саламаттыкты сактоо министри кызматтан кетти. Ал эми аны көзөмөлдөп, бир ооз сурап “Эй канаке даярдыгың?” деп бир басып барып койбогон өкмөт башчынын өзүнүн жоопкерчилиги тууралуу сөз да болгон жок. Бул жөнөкөй эле оору болсо да башка кеп эле, коронавирус Кыргызстанда катталганга чейин эле аны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп атабады беле? Демек, өкмөт башчы буга өтө олуттуу мамиле кылышы шарт эле.

 

Макул эми өткөн иш өттү, эми мындан ары пандемиядан кийинки экономикалык абалды кантип турукташтырабыз деген суроонун үстүндө да өкмөттүн бир кыбырап коер түрү жок отурганы түйшөлтөт. Өзгөчө абал режиминен улам ишканалар иштебей, күнүмдүк оокат-ашын таап жеп келген карапайым эл үчүн кадимкидей оор абал түзүлдү. Өлкө экономикасы да зыян тартты. Мындай убакта сырттан алынган кредиттерди бөлүштүрүп коюп эле отура бергенге болобу? Ал кредиттер да 1-2 айда түгөнөт. Андан кийин эмне кылабыз? Ушул суроо өкмөттүн башын оорутушу керек эле. Анын ордуна Мухаммедкалый Абылгазиев парламент депутаттарынан уккан катуу сын-пикирлер үчүн маалымат катчысын “фас” деп коюп, анан кайра “Мени менен макулдашпай эле чыгарып жибериптир” деп Каныбек Иманалиевден кечирим сурап отурат. Эгерде аны маалымат катчысы да тоготпосо, андан эч нерсе сурабай, макулдашпай эле каалагандай жооп кыла берсе, анда башкалар аны тоготобу? 


Жакшы сүйлөгөнү, эч ким менен конфликтке барбаганы жакшы. Ошол касиети менен өкмөт башчылык кызматта эки жылдан ашык убакыттан бери отурат. Бирок, ал ушинтип ар кимге жакшы сүйлөп, маалымат катчысы үчүн кечирим сурап отура берсе, коронакризистен өлкө экономикасын чыгарып кетүү программасын ким жазат? Же эл таптакыр ачка отуруп калганча кызматка жармашып отура берүүнү ойлоп жатабы? М. Абылгазиев жакында июнь айларында пенсия, жөлөк пулдар, айлык акыларды төлөө кыйын болуп кала турганын кыйытты. Демек, бул деген эл ачка калат деген эле түшүнүк да. Ошонун алдын ала турган программаны иштей албаса, анда өтө кеч болуп калалекте иш билген адамдарга орун бошотуп бергени туура болбойт беле.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн