Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Шамалды-Сайда эки аял алтындын айынан жаңжалдашып, бири каза болду

16.08.2021 13:15
921
Шамалды-Сайда эки аял алтындын айынан жаңжалдашып, бири каза болду

Шамалды-Сайда эки аял алтындын айынан жаңжалдашып, бири каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, 11-август күнү саат 13:15 чамаларда Таш-Көмүр ШИИБинин "102" кызматына Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.


Чакыруу боюнча тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталган. Ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Аталган окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


"Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1983-жылы туулган П.Т. аттуу аял киши аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Таш-Көмүр шаардык соту карап 2 айга камакка алган. Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн