Мадагаскарда 6-февраль күнү катуу шамалдан улам кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу "Мир" телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мадагаскарда шамалдын ылдамдыгы саатына 235 километрге чейин жеткен. Мындан улам 50 миңге жакын жашоочу үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.
Катуу шамал жамгырды алып келип айрым аймактарды суу каптаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн