Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шаршенбек Абдыкеримов күн сайын 150 миң бөтөлкө арак сатып, бир тыйын да салык төлөбөйбү?

09.11.2020 10:35
3717
Шаршенбек Абдыкеримов күн сайын 150 миң бөтөлкө арак сатып, бир тыйын да салык төлөбөйбү?


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайырлуу жолдоп, төбө чачты тик тургузан фактылар менен бөлүштү. Анын айтымында, “Аюу” арак заводунун ээси Шаршенбек Абдыкеримов күн сайын 150 миң бөтөлкө арак сатып, мамлекетке бир тыйын да салык төлөбөйт.


“Аюунун” кожоюну Шаки, сизде мыйзам бузуулар көп экен, салык инспекциясынан бизге ошондой маалымат жетти. Шаки, сиз акыркы жылдарда дегеле салык төлөбөй калыпсыз го? Бир күндө “Аюу” 150 миң бөтөлкө арак сатат экен, анан ошол ар бир бөтөлкөгө акциз чапталганда эле канча акча чыгат”, - дейт ал.


Ошондой эле Бакай Кашкарбаев Бишкектин мэри Балбак Түлөбаевге да эскертүү берди.


“Ээ Балбак Түлөбаев, Бишкектеги коорупцияны качан жоёсуңар? Коррупционерлердин башын кыя чаап кыргыз элине көрсөткүлө. Качан результат көрсөтөсүңөр? Камчыбек Ташиев көрсөттү го, 1 млрд долларды таап чыкты го! Мурунку тендерлерди текшергиле. Садыр Жапаров кыраакы киши, ал силерди үстүңөрдөн карап турат, видеого тартып жатат”, – деди Кашкарбаев.





Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ташиевдин таап чыкканы али кумон.Шоу еле кылган иши.Мен емес ел жапырт айтууда.