Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев депутаттык мандат алышты

14.05.2020 08:45
1368
Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев  депутаттык мандат алышты


Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдады.

2019-жылы 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка парламент депутаты Канатбек Исаевди шайлашкан. «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Фракцияны депутат Алмазбек Батырбеков башкарат.

Башында “АЮ холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделген.

Эске салсак, кечээ, 13-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярдануу үчүн ушул кадамга барышканын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн