Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы саатта, кечинде жана 29-мартка караган түнү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн