Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шашылыш билдирүү: Эртең абанын температурасы төмөндөйт

26.03.2020 20:08
777
Шашылыш билдирүү: Эртең абанын температурасы төмөндөйт


Эртең, 27-мартта Кыргызстандын аймагында аба-ырайы туруксуз болот. Кыргызгидромет борбору шашылыш эскерткендей, тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Эртең түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүнЧүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында 27-мартта жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 13°, күндүз 1214° градусту түзөт.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн