8-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз
аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
8-9-июндарда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн