Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

08.07.2020 17:31
999
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт


9-11-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.


Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн