Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн айрым жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн

12.08.2020 15:00
1115
Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн айрым жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн

 

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 13-14-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көлдө, Нарында түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн