Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чукул кабар! Аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүшү күтүлөт

13.04.2020 15:10
1133
Чукул кабар! Аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүшү күтүлөт


Кыргызстандын түштүк аймагынын айрым жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 14-15-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. 


Мындан сырткары, 13-апрелден 16-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңору айтылат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертишет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн