Теке 08, 2024
Убакыт: 18:26
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Шашылыш эскертүү! Кыргызстанда 5-7-июлда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

05.07.2024 17:20
155
Шашылыш эскертүү! Кыргызстанда 5-7-июлда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө


Кыргызстанда 5-7-июлда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү боло турган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

“Айрыкча Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ысык-Көл райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Кемин, Жайыл райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Республиканын Боом капчыгайында, Балыкчы-Бөкөнбаев, Талды-Суу-Арал, Ош-Раззаков, Бишкек-Ош, Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолунун бир катар жерлеринде унаа жолдорунда сел сууларынын келиши жана таш кулоо процессинин активдешүүсү ыктымал. Буга байланыштуу жарандар айтылган шашылыш эскертүүлөрдү көңүл бурууга, алдын ала кооптуу деп аталып жаткан тилкелерде сак болууга чакырабыз”, - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал эгерде кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралган болсо, 112 кызматына байланышууну сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн