Нарында кайра каракчылык башталды. Бул тууралуу укук коргоочу Качкынбек Булатов Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн кечки саат төрттөр чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы Көлтөр жана Чолок төр алтын кендерине Эмгекчилдин 20 жараны барып, компанияга караштуу участканы басып алышты. Алар жабылган штольняны ачып киришип, өз билгендерин кылып жатышат. Кайтарган кароолчуга "бизге Нарындын губернатору уруксат берди" деп, кароолчуну коркутуу менен басып алышкан. Ушу убакта палаткаларын тигип, жабык штольняга кирип кенди казып киришти", - деп жазган Булатов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн