Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шашпачы, суранам. Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровго кайрылды

27.04.2021 10:28
5905
Шашпачы, суранам. Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровго кайрылды

Садыр Жапаровдун бул интервьюсу боюнча, эжеси, саясатчы, коллегасы катары макул эместигими коомчулукка билдирип коюуну туура көрдүм. Анткени, С. Жапаров президенттик кызматка 10 январь 2021-жылдагы өткөн, талапкер катары электро энергиянын тарифи боюнча, ар бир облуста эл менен жолукканда айткан сөзүн эстетип койсом. "2021 жылдын май айынан баштап, 700 квттык чектөө алынат, ошондой эле электр энергиянын тарифи 77 тыйын боюнча калат",- деп ишенимдүү убада берген. Мен С. Жапаровдун жанында жүрдүм жана Жапаровду колдоп, үгүт иштерин алып бардым. 

Себеби ошол мезгилде Жапаров бир гана элдин, мамлекеттин пайдасына  керектүү сөздөрүн  айткан. Ошондуктан колдогом. 

Энергетика министри К. Турдубаев да, айтып жатат... Энергетика тармагындагы олчойгон карызга, саясатчылар күнөөлүү деп. Кайсы саясатчы күнөөлүү? Аты-жөнүн ачыкка чыгаргыла анда. 

Чыныгы күнөөлүүлөр, албетте, энергетиктер өзүңөр. Ширшовдун түзгөн коррупциялык схемасы ( ал схема бүгүнкү күнгө дейре иштеп келет)  экинчиси ортомчу фирмаларды "олчойтуп" түзүп, "алып сатаарлык", "чайкоочулук", "соодагерлик" мамиле жасаган, мына силерсиңер. Анткени электр энергия товар, ГЭСтен чыккан баасы 14,88 тыйын, силер сатасыңар 77 тыйынга, ал эми алып сатаарлар 2 сом 50 тыйындан сатышат. Ошондой эле жоготууга (потеряга) кетти деп, млн.Квтды жоюп (списать) этип жатасыңар ж.б... Жүйөлүү фактылар бар. Саясатчыларга, төңкөбөгүлө, тарифти Жогорку Кеңеш мурун бекитчү эле, өкмөт бул функцияны А. Атамбаевдин мезгилинде өзүңөр алдыңар, каалагандай калчап келе жатасыңар.

Айтайын дегеним, урматтуу президент, министр, деги эле бийлик...Эл-журтту жумуш орду менен камсыз кылып, жумушсуздукту, жокчулукту, кымбатчылыкты жоюп, бакубат жашоого жарандарыбызды алып келип, анан "тариф" боюнча сөз кылсаңар туура болмок. 

Чындыкты айтсам, мени душман көрбөгүлө. Чындык ачуу, бирок чындык гана кимди болбосун туура жолго салат.

Дагы бир жолу эскерте кетейин, Садыр иним, суу, гидро, электро энергия, б.а. энергетика, чек ара, кен байлыктар маселелеринде шашпа. Эч ким силерди, шаштырган да жок, анткени бул маселелер элибиздин каны менен бирге, ошону менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин акыркы байлыктары. Шашпачы суранам, шашкандык жакшы жыйынтык бербейт, эч убакта берген да эмес, бербейт дагы.


Жылдыз Жолдошева, ЖКнын экс-депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алмаз Жолчиев
Президенттин айланасында мурунку эле аламдар болсо албетте ушундай көрүнүштөр болот, жаңылануу жаңы жол менен кетели десек жаныча көз караш менен караган ой жүгүртүүсү мекен үчүн болгон адамдар менен иш алып баруу керек.
Акматов Абдижалил
Жылдызкан айым сиз эн туура айтып жвтасыз азыр эч шашпастан ойлонуп иш алып баруу керек антпесе президенттин душмандары Жапаровду элге жаман көсөтүп коет тарифти которбостон ортомчу компаниялардын лицензиясын алып койсо эле карыз төлөнөт.
Гульдархан
Ортомчу компаниялардын лицензиянын кайра кароо керек.