Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шавкат Мирзиёев: Кызматынан бошотулган мамлекеттик кызматкер мамлекеттен алган бардык айлыгын кайтарсын

09.04.2021 12:11
2973
Шавкат Мирзиёев: Кызматынан бошотулган мамлекеттик кызматкер мамлекеттен алган бардык айлыгын кайтарсын

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  кызматынан алынган бир топ жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди сындады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.


"Кызматтан кеткен адамдар эч жерде иштебесин. Биз ушунча акча төлөп, багып жатабыз.Алар биздин  саясаттын чыккынчылары. Жумуштан бошотулгандар иштеген учурдан баштап бардык эмгек акыларын мамлекетке төлөп бериши керек. Телевизордон сүрөтүн чыгарып, "чыккынчы" деп атоо керек. Эл алардын ким экендигин билиши керек, алар саясаттын чыккынчылары" - деди өзбек президенти.


Эске салсак, Өзбекстанда жогорку даражадагы кызматын аткара албаган бир топ саясатчы Мирзиёевдин буйругу менен иштен бошотулган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Руслан
Туура закон мен колдойм.Жегич уурулар уурдаганын өлөр өлгүчө таштабайт.