Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамынын урматына абактагы 65 адамга ырайым кылат. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, ырайым өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жана ага өкүнгөн адамдарга кылынат.
Эскерте кетсек, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 500дөн ашык адамга ырайым кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн