Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 07:23
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

09.07.2022 10:24
493
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады


Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кең пейилдиктин символу болгон ыйык Курбан Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду жолдогонума чексиз кубанычтамын. Бул ыйык күн тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы туугандык байланыштарды чагылдырат. Биздин биргелешкен умтулууларыбыздын аркасында тарыхый тамыры терең өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер акыркы жылдары таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн канааттануу менен белгилегим келет. Күчтүү саясий эрк, жалпы күч-аракеттер жана алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги байланыштар менен биз Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтип, дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдай аларыбыз шексиз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.”

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана үзгүлтүксүз өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн