Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шавкат Мирзиёев: Шухрат Ганиевдин ишине Өзбекстанда мен гана баа берем

12.06.2020 10:04
2744
Шавкат Мирзиёев: Шухрат Ганиевдин ишине Өзбекстанда мен гана баа берем


3-июнда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөн. Дал ушул жыйында Мирзиёев Сох анклавынын тургундары кызматтан кетишин талап кылган Фергананын акими Шухрат Ганиев тууралуу пикирин билдирип, анын ишине өзү гана баа бере турганын билдирген. Бул жыйындагы аудио-жазууну “Азаттыктын” өзбек кызматы жарыялады.


“Фергананын акими (ред. Шухрат Ганиев) тажрыйбалуу, облус үчүн өтө чоң кызмат кылган, берилген адам. Мен облус акими тууралуу бир адам, же миң адам ар кандай ушак айтса да ага өзүм гана баа берем. Өзбекстанда башка баа бере турган эч ким жок. Муну баарыңар эске алып койгула. Азыркы чыккан маселелерди ордуна коебуз. Шухрат Мадаминович, эртеңден кийин көрүшөбүз, жакшылап даярдык көрүңүз”, - деген өзбек президенти. Муну менен Шавкат Мирзиёев миңдеген Сохтун тургундарынын оозун жапты десе болот.


Буга чейин Ш.Ганиев Сохтун тургундары бүтүндөй Фергананы уят кылып жатканын, керек болсо чек араны жаап сала турганын айтып коркуткан. Ал кайсы бир жыйында 72 адамды каматып сала турганын да билдиргени ачыкка чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн