Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Шавкат Мирзиёев ант берип, президенттикке киришти

14.07.2023 15:43
1163
Шавкат Мирзиёев ант берип, президенттикке киришти


Өзбекстанда кезектеги мөөнөткө президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев бүгүн парламенттин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйынында ант берип, президенттикке киришти. Бул тууралуу Өзбекстан БШКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Инаугурация Сенаттын имаратында өтүп, Шавкат Мирзиёевке жогорку белги жана президенттин штандарттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган.

Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган. 2022-жылы июнда ал Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алууну демилгелеген.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум быйыл 30-апрелде өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анда шайлоочулардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдосо, 9,35% каршы добуш берген.

9-июлдагы президенттик шайлоодон кийин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары добуш берүү процесси "техникалык жактан жакшы уюштурулганын", бирок "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдирген.

Өз кезегинде КМШнын байкоочулар миссиясы "шайлоо альтернативдүү негизде, демократиялык шайлоолорду өткөрүү принциптерине шайкеш, ачык жана адилет өткөнүн" маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн