Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамды ратификациялады

30.11.2022 22:09
365
Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамды ратификациялады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы бүгүн 30-ноябрда билдирди.


Өзбек тараптын маалыматына караганда, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишим 13 беренеден турат, ал жалпы узундугу 302,29 чакырымдык, анын ичинде 35 участок камтылган чек ара тилкесин аныктайт. Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагындагы 4957 гектар жер жана плотинаны тейлөө-коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар өтөт, Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер өтөт.


Ошондой эле, өзбек тарап билдиргендей, Кыргызстанга аталган суу сактагычтын жээгине курулбай калган Кемпир-Абад каналы үчүн кенемте иретинде Гавасай участогунан 12 849 гектар жер өтөт, Кыргызстан ал жерге гидротехникалык же башка курулуштарды салууга укугу болбойт.


Кемпир-Абад суу сактагычынын жана Чечме булагы жайгашкан участоктун суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселеси өзүнчө келишим менен жөнгө салынары да белгиленди.


Ал эми “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашуу тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы ал документ 11 беренеден турарын, суу сактагычтын суу ресурстарын чогуу башкаруу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, өзбек тарап өзүнө сууну горизонталь боюнча 900 метрден жогору эмес деңгээлде кармап туруу, Кыргызстандын жарандарына малын жана жерин сугарып, балык улоосуна тоскоолдук жаратпоо, суу сактагычтын тегерегине инженердик-техникалык курулуштарды курбоо милдетин алып жатканын билдирди. Кыргызстан сууну коргоо зоналарын орнотууга жана сууну пайдалануу тартибин сактоого милдеттенме алып жатканы айтылды.


Өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздап, аны эксплуатация кылары, техникалык жактан тейлеп, сууну кыргыз тарап менен макулдашылган лимитке ылайык коё берип турары, Өзбекстандын 8 миңдей фермердик чарбасын суу менен үзгүлтүксүз камсыздап, 2,5 миллион тонна айыл чарба продукциясын өстүрүп, 500 миллион долларга экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралары кошумча белгиленди.


Жогоруда аталган келишимди жана макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кыргыз президенти Садыр Жапаров кечээ 29-ноябрда кол койгон.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн