Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун ратификациялады

04.11.2021 13:42
805
Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун ратификациялады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимди бекитти. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.


Биргелешкен фонд боюнча өкмөттөр аралык келишимге ушул жылдын март айында Кыргызстандын президентинин Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган.


Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзсө, келечекте 200 миллион долларга чейин көбөйөт. Бул каражаттар экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорго багытталат.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров фонд боюнча келишимди кайра 18-августта ратификациялаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн