Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоого талапкерлигин койду

31.05.2023 09:44
1269
Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоого талапкерлигин койду


Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын (УзЛиДеП) курултайы 9-июлда өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн учурдагы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин жактырды, деп билдирди партиянын басма сөз кызматы.

Алдыдагы 9-июлда боло турган президенттик шайлоо Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга узарткан алгачкы шайлоо болмокчу. Конституциялык мыйзамга ылайык, экинчи мөөнөткө отурган азыркы мамлекет башчысы Мирзиёев бул кызматка кайрадан талапкерлигин коё алат.


10-майда Өзбекстандын БШКсы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү өнөктүгүн баштады. Талапкерлерди көрсөтүү 17-майда башталып, 1-июнда аяктаса, талапкерлерди каттоо 6-июнда аяктайт. Өлкөдө катталган беш партия тең мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышууга уруксат алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн