Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрда Бишкекке боло турган иш сапары жылдырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынына Шавкат Мирзиёевдин ордуна премьер-министр Абдулла Арипов катышат.
Иш сапардын мөөнөтү Садыр Жапаров менен Мирзиеёвдин сүйлөшүүсүнөн кийин жылдырылган.
Молдогазиев билдиргендей, Өзбекстан президентинин иш сапары жыл аягына чейин өтөрү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн