Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин көз жоосун алган жашыруун резиденцияны аныкталганын “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Бул боюнча иликтөө жарыялаган аталган медиа аталган жай Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашканын аныктаган.
“Резиденциянын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес. Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн”, - деп жазылат “Азаттык” үналгысы тараткан маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн