Учурда коомубуздагы мыкаачылык, зөөкүрлүк, айбанчылык, түркөйлүктүн көбөйүп жатышынын себебин табыш керек. Өлүм жазасын киргизүү, трагедия болгондон соң бийликтин көзөмөлгө алуусу, депутаттардын тиешелүү тармактарды чакырып алып улам биринин артынан бири ыйлактап, каргылдана сүйлөп, эмоциялуу унчугуулары бул болгону өткөн ишке өкүнүү. Алдын албаган соң мага десе башыңды ташка урсаң не опо, бүттү да.
Ошондуктан алдын алуу иштери жүрүшү керек. Болгондо да коомду оңдоо, зөөкүрлүк, зулумдук, куулук шумдук, арамзалык деген ооруудан айыктыруучу чоң иштер жүрүшү зарыл. Мындай иштерди жалгыз милиция, сот, прокуратура кызматкерлери аткара алышпайт. Бул жалпы мамлекеттик саясат, идеология болуусу шарт!
Көп узартпай бир эле нерсе айтайын.
Биздин элдин эмне үчүн маанайы төмөн? Жөнөкөй эле ушул маршруттук таксиге түшсөң жаныңда жүзүндө жылмаюу турган адам аз. Эмнеге? Анткени биздин элдин санаасы сан. Биздин мамлекетте элдин санаасын тындыруучу иштер жүрбөйт. Журтчулуктун санаасын тындыруучу иштер ар кандай майрамдар, ар кандай оюн зоок иш чаралар эмес. Эми ал нерселер деле такыр керек эмес дебейм, албетте керек, бирок булар элдин санаасын тынчыта албайт. Элдин санаасын эмне иштер тынчтандырат?
Эл биринчиден коопсуздугун сезиши керек. Бизде коопсуздук десе, беш танк, он замбректи сүйрөп чыгып көрсөтүп калышат. Азыр коопсуздук согуштук техника менен эле бүтпөйт да. Кыргызстанда эң биринчи чече турган коопсуздук бул - жарандарга таяныч болуп берүү! Кыргыз жараны өз мамлекетине, өз бийлигине, өз өлкөсүнүн бийлик бутактарына, күч түзүмдөрүнө, милиция, сот, прокуратура кызматтарына ишенип таяна ала турган болгондо гана абал түзөлө баштайт менимче.
Эң жөнөкөй, өтө жөнөкөй мисал:
Мына окуу жылы башталды. Балдарыбызга базардан, дүкөндөрдөн кийим кече, аны муну алып бердик. Мына ошол кийим кечелер башка өлкөлөрдө бир ай ичинде бирдеме болсо, товардык чек менен алып барсаң дүкөн кайра акчаңды кайрып берет. Бизде сатып алган буюмуң кайра алынбайт деп дүкөнгө бакыйтып жазып коюшат. Баягы кийим же буюм бир айда, же бир жумада өлөт кээде. Таяна турган эч ким жок. Дүкөн кайра акчаңды бербейт, мамлекет мыйзамдар менен укугуңду коргоп жардамга келбейт, маанайың начар, жиниң келген, маршруткада кетип баратасың. Бирөөнүн бир нерсе дегени жагабы? Жок булбулдүн да сайраганы жакпайт!
Ал эми мындай мисалдар толтура! Бир жактарда кокус самолет бузулса башка өлкөлөр жарандарын жыйнап барып мейманканага жайгаштырат. Кыргыздар таянар тообуз жок, өлкөбүзгө таяна албайбыз, жерде жатабыз аэропортто.
Мамлекеттик идеология десе ар балээни сүйлөп, ар балээлерди айтабыз..! Урматтуу достор!!! Айрыкча биздин өлкө үчүн так азыркы учурда мамлекеттик идеология бул - адамдардын ишенимин тепселебөө, жарандарга таяныч болуу, адал ак соода алака жүргүзүү, маданияттуу мамиле!!!
Менимче жок дегенде мына ушул нерселерди мамлекет көздүн карегиндей сактап берсе элдин маанайы оңоло баштамак, маанай оңолгон жерде жагдай оңолот!
Үмүт, ишеним, таянычты өлүм жазасына тартып салган жерде адамдын жан дүйнөсү өлүп, денеси эле калат...
Шайырбек Абдырахман, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн