Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмесин жарыялады.
Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. БШК шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууну улантууда.
Талапкерлердин тизмеси шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Ар бир жаран өз аймагындагы талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышуу үчүн тиешелүү шайлоо округун тандай алат.
Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 143 жаран парламенттик шайлоого катышууга расмий түрдө ниетин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн