Тогуздун айы 24, 2025
Убакыт: 13:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Шайлоо - 2025: Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 458ге жетти

Шайлоо - 2025: Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 458ге жетти


23-октябрга карата 458 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.


Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.


Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.


Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.


Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн