Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 14-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 257ге жетти.
БШК белгилегендей, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн