Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Шайлоо 2020: 4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттар түштү

06.08.2020 10:26
1358
Шайлоо 2020: 4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттар түштү


Борбордук шайлоо комиссиясына банк маалыматтарынын негизинде 4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди, деп кабарлады мекеменин басма сөз кызматы.


БШК билдиргендей, мыйзамга ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Боршайкомдун расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.


БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 30-июлуна карата 44 саясий партиянын ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” жана “Айыл Банкта” атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирди.


Банк маалыматтарынын негизинде  4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Ал эми башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн