Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шайлоо-2020: Беш саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты (тизме)

21.08.2020 15:54
1302
Шайлоо-2020: Беш саясий партия парламенттик  шайлоого катышуудан баш тартты (тизме)


Ушул жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга беш саясий партия билдирди. 


БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Бирик”, “Эл биримдиги”,  “Бийлик элге”, “Ар-Намыс”, “Улуу Журт” партиялары шайлоого катышпай тургандыгын маалымдаган. 


 Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 21-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиялардын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды. 


Жогорудагы беш саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн