Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шайлоо-2020: Мыйзам бузууларга реакция жасоо боюнча милиционерлер тренингден өтүштү

19.08.2020 09:48
1040
Шайлоо-2020: Мыйзам бузууларга реакция жасоо боюнча милиционерлер тренингден өтүштү


Борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук уюму менен биргеликте “2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо. Шайлоо мыйзамдарынын бузулуусуна реакция жасоо жана чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” деп аталган онлайн тренинг өткөрдү.


БШКнын басма сз кызматы маалымдагандай, иш-чарага БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, Башкы прокурордун орун басары Н.Дүйшөмбиев, ички иштер министринин орун басары М.Каниметов, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А.Усупбекова, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин тиешелүү департаментинин жетекчиси Ю.Нетесова, ПРООНдун шайлоолорду колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю.Шипилова жана укук коргоо органдарынын жүздөй кызматкерлери катышты.


Спикерлер катары Канышай Мамытова эксперт, БШКнын мүчөсү Гульнара Журабаева, Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Бит-Аврагим Атур, Бегалы Пирманов эксперт катары чыгып сүйлөштү.


"Өткөн шайлоо кампанияларынын коопсуздугу жана мыйзамдуулук тажрыйбалары учурдагы шайлоону өткөрүүгө жардам берет деп ойлойм. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоону ишке ашыруу үчүн, биз эффективдүү аракеттенүүнү иштеп чыга алабыз деген үмүттөмүн”, - деди БШКнын жетекчиси.


Н.Шайлдабекова өз сөзүндө ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишинин маанилүү экендигин белгилеп: “Эл аралык стандарт боюнча ушундай координациялык топтун иши тиешелүү органдардын ишин эффективдүү координациялоого жардам берет”, - деди.


Тренингде шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын башкы максаты чектөөлөрдү коюу эмес, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды. Анын жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алууга жана админресурска каршылык көрсөтүүгө басым жасалды.


Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү агитация кампаниясынын учурунда финансылык таасир көрсөтүүнү азайтуу үчүн массалык иш-чаралар анын ичинде стадиондорго эл жыйноо, улуттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынгандыгы боюнча да маалымат алышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн