Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө кыргызстандык жарандар 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата каттоодон өтүп жатышат. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.
Маалыматка караганда, 16-сентябрда Москва шаарындагы консулдук бөлүмгө келген шайлоочулар форма 2 толтурушуп, каттоодон өтүштү.
"Шайлоочулар активдүү катышууда. Келген кыргызстандык жарандар консулдук каттоого алынууда. Бөлүмдө шайлоочуларды каттоо иштери кечки саат 23:00гө чейин уланууда", - деп айтылат видеодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн